Баткенде Тажикстандан мыйзамсыз жүк ташып келүү фактысы аныкталды

0
734

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бажычылар Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамдуулугун ырастоочу товар коштоочу документтери жок, данеги менен кургатылган өрүк ташып келүү фактысы аныктаган. 

Жүктүн салмагы 561,35 кг, баасы 84 миң 202 сомду түзөт. Бул материал боюнча жалпы суммасы 45 миң 30 сом айып санкциялары жана тиешелүү бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Автор: Нурпейил Ашур кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here