Жергиликтүү бийлик авиабилет жана авиакаттамдар боюнча аракет көрөт

0
618

Бул тууралуу Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти Баткен-Бишкек-Баткен авиакаттамдардын санын көбөйтүү, билет баасын арзандатуу боюнча облустук өкүлчүлүк буга чейин деле бир нече жолу Тез- Жет авиакомпаниясына, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жана башка тийиштүү органдарга кайрылып келген, каттар жиберилген.

Ага карабай билет баасынын өскөнү маалым болгон. Биз бул боюнча кайрадан аталган мекемелерге кайрылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.
Анткени борбордон эң алыс жайгашкан Баткен аймагы үчүн авакаттамдардын жоктугу жергиликтүү калкты түйшүккө салса, кымбаттыгы оорчулук жаратууда.

Үзгүлтүксүз авиакаттамдардын жүрүшү жана билет бааларынын жеткиликтүүлүгү жергиликтүү калк үчүн эле эмес, Баткен облусунун өнүгүүсү үчүн да маанилүү. Анткени инвесторлордун, туристтердин келүүсү үчүн да ыңгайлуу шарт керек.
Белгилей кетсек, авиакомпаниялар мамлекеттик эмес, жеке менчик болуп саналат.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча бул маселе боюнча кечээ 15-майда тийиштүү республикалык мамлекеттик органдар менен авиакомпаниялардын жетекчилигинин катышуусунда кеңешме өтүп, авиакомпанияларга билет бааларын төмөндөтүү боюнча сунуштар берилгени боюнча маалымат таратылды.

Баткен-Бишкек авиа каттамы жумасына бир жолу уча турганы жана билет 6 миң сомго чейин сатылып жатканы айтылган болчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here