Кадамжайда социалдык тармак аркылуу диний экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды

0
768

Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний экстремисттик аудио материалдарды социалдык тармак аркылуу таратып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Бул факты боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Кадамжай районунун 23 жаштагы А.Б. аттуу жаран социалдык тармагындагы баракчасына кароо жүргүзүлүп, баракчасындагы аудио материалдар көчүрүлүп алынып, экспертизага жөнөтүлгөн.

2023-жылдын 11-майында соттук-дин таануу экспертизасынын корутундусу чыгып, изилдөөгө берилген аудио материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекстан исламий кыймылы” экстремисттик жана террористик уюмуна таандык экендиги аныкталган.

Кармалган жаранга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here