Лейлекте өспүрүм өз жанын кыйган учур катталды

0
1410

Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Жети-Таш айылынын 2009-жылы туулган тургуну өз жанын кыйганы туурасында облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуучу бала үйүндө эч ким жокто мал сарайга кирип, өзүн-өзү асып алган. Бул тууралуу маркумдун жакындары аймактык милицияга кайрылган. Текшерүүнүн натыйжасында бала өз жанын кыйгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон эмес.

 

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here