Лейлек районунда 192 турак үй селден корголууда

0
212

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак,  “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” чараларынын негизинде Лейлек районунун аймагында быйылкы жылга карата 28 участка мерчемге кирген.   

Учурда аткарылган жумуштун көлөмү 80% камсыздалып, Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Оочу айылында жүрүп жаткан жумуш Лесхоз тилкесинде улантылууда. 

Натыйжада сел өтүүчү сайдын 100 м аралыгында 150 даана габион торчолору орнотулат.

Сел коркунучунан коргоо чараларынын жыйынтыгы менен район аймагында  192 турак үй, ФАП жана мектеп имараты, мечит жана көпүрө, ошондой эле 3 миң 820 метр ички чарбалык жол, 22 гектар үлүш жер аянты, трансформатор жана скважина коргоого алынат.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here