Кадамжайдагы 26 турак үй сел коркунучунан корголот

0
482

Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, быйылкы жылга карата бекитилген объекттердин катарында Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүндөгү сел жүргөн сайдын нугун тазалоо иштери да каралган. 

Аталган айыл өкмөттүн Моло айылында ӨКМден тартылган 1 бирдик эксковатордун жардамы менен 700 метр аралыкта сел өтүүчү сайдын нугу тазаланып жатат.

Натыйжада сай жээгине жакын жайгашкан 26 турак үй, 800 м ички чарбалык жол, 2300 м ички чарбалык арык жана 30 га чарбак тилкеси сел коркунучунан коргоого алынат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here