Баткенде 20 кыз-келин психологдон кеңеш алышты

0
633

Баткен районунун чек арага жакын Самаркандек, Кара-Бак, Суу-Башы жана Төрт-Гүл айылдарынан чогулган 20 кыз-келинге экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана психологиялык колдоо алуу боюнча окутуулар жүрүүдө.

Алгачкы этапта катышуучуларга кесипкөй психолог кеңеш берип, стресске туруштук берүү боюнча атайын сабак өттү. Мындан тышкары катышуучулар финансылык сабаттуулук, маркетинг, бизнес план түзүүнү үйрөнүү боюнча да окуулардан өтүшөт. Окутуулардан соң эң мыкты деп тандалган бизнес-планы бар 16 катышуучунун ар бирине долбордун алкагында ишкердигине керектүү жабдуулар жана шаймандар сатып алып берилет.

Долбоордун максаты Баткен облусунун аймагындагы коопсуздукту, туруктуулукту жана туруктуу өсүүнү жогорулатуу, чек ара кызматташтыгын колдоо жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу болуп саналат. 

Долбоорду «Баарлашуу, ишеним, укук» Коомдук бирикмеси ишке ашырууда. Долбоор Европа Биримдиги тарабынан BOMCA-10 (Борбордук Азиядагы чек араларды башкарууга көмөк көрсөтүү) программасы гранттык схемасынын алкагында каржыланат. 

БОМКА-10 программасы Латвия мамлекеттик чек ара кызматы баш болгон Европа Биримдигинин айрым мүчө-мамлекеттеринин чек араларды башкаруу органдарынын консорциуму жана Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча Эл аралык борбор тарабынан ишке ашырылат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here