Жонс менен Тайсондун кармашуусу

0
723

29-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында бокс тарыхындагы эң мыкты мушкерлер Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши аяктады.

Боксерлор 8-раундга чейин беттешип, ар бир раундга 2 мүнөттөн бөлүнгөн. Мушкерлер буга чейин бул оюн олутту өтөт дегени менен, көрсөтмө оюнга окшогон беттеште эки мушкер тең бири-биринин артынан кезектешкенсип муштум атып жатышты. Албетте, бокс күйөрмандары үчүн айрыкча, легендалардын беттешинен көптү күткөн көпчүлүк нааразы бойдон калгандай.

Эки мушкер тең 8-раундга чейин чыдап, судьялардын чечими менен эч кимге жеңиш берилген жок. Судьялардын узакка созулган талкуусунан кийин алар беттеш тең чыгуу менен жыйынтыкталды деп табышты.

Бирок, Майк Тайсон бул чечимге макул эмес экенин билдирсе, ал эми Рой Жонс ушул сыяктуу беттеш өткөрүүгө сунуш түшсө, макул болорун айтты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here