Быйыл ЖРТ 20- майда башталат

0
283
Testing sheet

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Жалпы республикалык тестирлөө төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:

I этап: 2023-жылдын 20-21-майында;

II этап: 2023-жылдын 23-24-майында;

Жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө III этапта өтөт. Ал министрлик тарабынан  23-24-июнга бекитилген. 

Мындан сырткары, министрлик каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19-22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here