Кыргызстандыктар 5-майдан 9-майга чейин эс алат

0
387

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирүү таратты.

Маалыматка караганда,  бул эс алуу күндөрү беш күндүк иш графиги менен иштеген  мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы кызматкерлерге тиешелүү. Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында министрлер кабинетинин атайын токтому кабыл алынган. Ошондой эле,  8-майдагы иш күн 13-майга которулат.

Белгилей кетсек, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү белгиленет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here