Жылдын мыкты мугалимине ким татыктуу болду?

0
585

«Жылдын мыкты мугалими — 2023» сынагынын шаардык туру өттү.  Баткен шаардык мэриянын маалыматына караганда, мелдешке  шаардагы 10 орто мектептин мугалимдери катышты. 

1-орунду Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин мугалими Нургүл Сулайманова 

2-орун Ж.Садыков атындагы башталгыч мектептин мугалими Самара Ботоярова

3-орун Баткен областтык гимназия жатак-мектебинин мугалими Жаңылай Имаралиева ээ болду.

Белгилей кетсек, бул сынак жыл сайын мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерин аныктоо, аларды колдоо жана кубаттоо, ар бир мугалимдин өзүн-өзү жана кесиптик сапаттарын көрсөтүшүн камсыздоо максатында уюштурулуп келет. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here