Кадамжайда элдин демилгеси менен жол асфальт болот

0
465

Кадамжайда элдин күчү менен 6 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Облустук бийликтин маалыматтына караганда, 7-апрелде Президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүк- Зар айылынын тургундары менен жолугушуп,  элдин демилгесин кубаттап,эл менен жасалган жумуш ийгиликтүү болооруна ишенимин айтты.

Ошондой эле «элди мобилизациялоо менин эң негизги максатым» деп билдирди.

Өрүк -Зар айылынын негизги жолун асфальттоого айыл эли 6 млн сом каражат топтогон. Ал эми айылдык эки ишкер 1млн сомдон салым кошкон. Ак-Турпак айыл аймагы жергиликтүү бюджеттен 6 млн сом бөлгөн.

Жергиликтүү калктын бул аракетин колдоо максатында мамлекет тарабынан  15млн сом каралган.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here