Бул тууралуу Баткен райондук бийликтин маалымат кызматы билдирди.
Аймакта негизинен ичүүчү таза суу көйгөйү жаралып келген. Бүгүнкү күндө 200 м³ суу кампасы курулуп биринчи этабы май айында ишке кирет. Суу кампасы бүткөрүлсө таза суу менен Самаркандек жана Паскы-Арык айылдары толугу менен камсыздалат.
Экинчи этабын бүткөрүү үчүн долбоор даярдалып кошумча акча каражатын талап кылат.
Белгилей кетсек, элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн былтыр 2022-жылдын ноябрь айында 24 миллион акча каражаты ажыратылып берилген.