Өлкөдө кызылча жана кызамык жугузган учурлар көбөйүүдө

0
821

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызылча оорусу менен 41, кызамык менен алты бейтап катталды. Бул тууралуу 3-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммуннопрофилактика борборуна таянып билдирди.

Илдетке кабылгандардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда катталып, 20 адам илдети жугузган.

Маалыматта оорунун көбөйүшүнүн негизги себеби кызылча жана кызамыкка каршы пландуу эмдөөнүн азайышы, эмдөөдөн баш тарткандардын санына байланыштуу экени белгиленген.

Аталган борбор бул ооруларга каршы эмдөө иштерин жүргүзүүдө.

Кызылча да, кызамык да аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдеттер. Аларды алдын алуунун жалгыз жолу – эмдөө. Кыргызстандын эмдөө календарына ылайык, балдар бул ооруларга каршы вакцинаны 1 жана 6 жашка чыкканда алышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here