Баткенде алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

0
820

Баткен районунун Кара-Булак айылынын төрт жараны 2022-жылдын октябрь айларында “К” аттуу жаран алмаларды дүң баада баалашып алып, “азыр банктан акча алып келип беремин” деп изин жашырып кеткендигин билдирип арыз менен милицияга кайрылышкан. Жалпысынан жабырлануучуларга 119 миң сомго зыян келтирилген.

Жогорудагы арыздар Баткен райондук ичики иштер бөлүмүнүн КБРне (ушуну чечмелеп кйочу мен билбейт экенмин текст менен) Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Алдап кеткен жаранга издөө жарыяланган.

Баткен райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө жүрүп, 2023-жылдын 2-апрель күнү издөөдө жүргөн мурда бир нече жолу соттолгон Кадамжай районунун 28 жаштагы К.А. аттуу тургуну Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалып, Баткен шаарына алынып келинди.

Азыркы күндө кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.      

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here