Кадамжай районунун Алга айылында трассадагы кырсыкта эки унаа өрттөнүп эки адам каза болду

0
2351

Окуяны Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалымат катчысы Бектемир Мамытов тастыктады.

Кырсык 2-апрель күнү 15:30 чамасында Ош-Раззаков унаа жолунун 149 чакырымында катталган. Анда “Тойота Фораннер” үлгүсүндөгү унаа батыштан чыгышка карай бара жатып каршы тилкеде келе жаткан “Опель Вектра” унаасы менен кагылышып экөө тең өрттөнүп кеткен. Анын кесепетинен “Опель Вектра” унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон. Каза болгондор Кадамжай районунун тургундары болушкан.

Ал эми “ Тойота Фораннер” унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү орууканага жеткирилген, бирөөсүнө операция жасалып, абалы оор экени айтылууда.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.       

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here