Баткенде кошна өлкөгө мыйзамсыз жүк ташуу фактысы аныкталды

0
1351

Баткен районунунда Тажикстанга үч жарым тоннага жакын минералдык жер семирткичин алып өтүү фактысы катталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, кыргыз жараны Баткен районундагы Маргун — Жаңы-Бак — Арка айланып өтүүчү унаа жолунда Тажикстандын аймагына салмагы 3,5 тоннаны түзгөн аммиак селитрасын алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Унаа аткезчилик жүгү менен “Орто-Боз” чек ара болүгүнүн аймагына токтотулган. Бул факты боюнча тиешелүү иликтөө, териштирүү иштери жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here