Селден кийинки жолдор оңдолууда

0
716

Ош-Баткен-Раззаков жолунда селден киийнки калыбына келтириүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ош-Баткен-Раззаков жолунун  265-чакырымында Эки-Таш тилкесиндеги ишке  «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө ишканасынан бир бирдик жүктөгүч тартылган. Учурда аталган жол тилкесинде каттам бир тараптуу ачык.

Ошондой эле Көк-Таш — Ак-Сай автожолунун селден улам каттам убактылуу токтоп, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн бир жүктөгүч жана бир автогрейдер техникалары тартылды. Оңдоп-тазалоо иштери улантылып жатат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here