Баткен шаарында Нооруз майрамына арналган салтанат болуп өттү. Майрам нооруздун символу болгону сүмөлөктү ачуу аземи менен башталды. Сүмөлөктү ачуу аземине облус башчы Абдикарим Алимбаев баштаган облустук мекеме ишканалардын жетекчилери, Өзбекстандан келген коноктор, Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жана жергиликтүү тургундар катышты.
Салтанатка облус аймагынан жана чет өлкөдөн келген коноктор катышты. Иш чара концерттик программалар, спорттук иш чаралар жана жалпы элдик сейилдөө менен уланды.