Баткенде коронавирусту аныктоочу лаборатория ачылды

0
661

Бүгүн, 21-март күнү Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө борборунун ПЧР(ПЦР) лабораториясы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Баткен райондор аралык сан-эпид көзөмөл борборунан кабарлашты.

Маалыматкы ылайык, ПЧР-лаборатория заманбап алдыңкы жабдуулар менен жабдылып, 2-4 сааттын ичинде 90дон ашык анализди изилдеп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар.

Имараттын курулушу 2021-жылы башталып, 2022-жылы аяктаган. Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, жалпы 30 бөлмөдөн турат. Бардык керектүү болгон заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган.

Буга чейин облустагы ооруканалар коронавирусту аныктоо үчүн анализдерди Ош шаарына жөнөтүшчү. Эми жаңы ачылган ПЧР лабороториясында COVID-19 илдетин аныктоого болот.-деп белгиленет маалыматта.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here