Лейлекте түнкүсүн көчөдө жүргөн беш өспүрүмгө айып пул салынды

0
131

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун аймагында «Мектеп рэкети» аталыштагы иш-чаранын жүрүшүндө райондук милициянын жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү Раззаков шаарында Исфана, Самат, 48 кесиптик лицей, 1 гимназия жатак интернаттарында окуучулар жана ата-энелер чогулуштары уюштурулуп, окуучулар арасындагы мектеп рэкетинин алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Андан сырткары түнкүсүн гимназиянын, кесиптик лицейдин жатаканалары, компьютердик клубдар текшерүүгө алынып,  жатаканаларда жаткан окуучулар менен маектешүүлөр өткөрүлүп түшүндүрүү иштерли жүрдү. 

Натыйжада, түнкүсүн ата-энесинин коштоосу жок  көчөдө жүргөн беш өспүрүм аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде алардын ата-энелерине айып пулдар салынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here