Баткенде милиция кызматкерлери үчүн алты имарат пайдаланууга берилди

0
85

Баткенде Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрү үчүн жаңы 6 имарат ишке берилди. Бул тууралуу облустук милициядан  кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5-октябрда Лейлек жана Баткен райондорунда эки айылдык милиция бөлүмчөсү, үч милициянын аймактык пункту жана ички аскерлердин бөлүгүнүн имараты пайдаланууга берилди. Имараттар кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата курулган.

Имараттардын ачылуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков  катышып, министр жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Андан соң жаңы ачылган имараттардагы түзүлгөн шарттар менен таанышышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here