Баткенде мыйзамсыз курал алып жүргөн тургун кармалды

0
45

Баткен районунда  59 жаштагы тургун, 12 жана 32 калибрдеги эки даана ок атуучу куралды мыйзамсыз көтөрүп жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кармалган жаран милициянын район аймагында жүргүзгөн “Арсенал”, “Бандит” коддук иш-чараларынын алкагында аныкталды.  Ага жазык кодексинин “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. 

Учурда тергөө иши аяктап, аталган кылмыш иши соттук кароого жиберилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here