Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги башкармалыгынан билдиришкендей, Баткен районунун Боз-Адыр айылында 150 турак үй селден корголду.
Айылдын түндүк тарабындагы Камыш-Кол участкасында 350 метр аралыкта сел тосмосу курулуп, ӨКМден бөлүнгөн экскаватордун жардамы менен турак үйдөн сырткары 4,7 чакырым ички чарбалык жол, ФАП жана айыл өкмөтүнүн имараты сел кооптуулугунан коргоого алынды.