Баткенде 50 млн долларлык алтын кени мамлекетке өттү

0
197

УКМК Баткендеги басы 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү алтын кени мамлекетке кайтарылганын кабарлады. 

Атайын кызматтан билдиришкендей,  К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган «Апрелское AZI» алтын кени Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинин балансына өткөрүлүп берилди.  

Алтын кенде алтындын жалпы кору 10 тоннага жакын жана 15 тонна күмүш түзөт. Учурда атайын кызмат кылмыштуу жол менен, уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чараларды улантууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here