Бишкекте Борбор Азиянын лидер аялдары тынчтык жана коопсуздук маселелерин талкуулайт

0
53

Бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаарында «аялдар, тынчтык жана коопсуздук» форуму өтүүдө. Бул жылкы  форум «Аялдар, тынчтык жана коопсуздук: Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуулукту бекемдөө» деген аталышта өтөт. Иш чара эки күнгө созулуп, анда Борбор Азиянын лидер аялдары, парламентчилери, мамлекеттик кызматкерлер, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, академиялык жана эксперттик коомчулуктун ар кыл тобу биригет.  

Форумда  климаттын өзгөрүшү, аялдардын тынчтык куруудагы орду, аймактык кызматташтыкты бекемдөөдө аялдардын катышуусунун маанилүүлүгү талкууланат. Ошондой эле катышуучулар аймактык саясий диалогдорду жана көп тараптуу платформаларды маалымдоо үчүн идеялары жана сунуштары менен бөлүшүшөт. 

Форумду Кыргызстандын Жогорку Кеңеши,   Кыргызстандагы «БУУ-Аялдар» түзүмү, Афганистандагы «БУУ-Аялдар» түзүмү, Борбордук Азия үчүн БУУнун Превентивдүү дипломатия боюнча региондук борбору БУУӨП биргеликте уюштурган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here