БУУ Кыргызстанда санариптик сактоо боюнча биргелешкен программасын ишке киргизет

0
27

Бүгүн, 2-октябрда Бириккен Улуттар Уюму санариптик саламаттык сактоо системаларын интеграциялоо жолу менен Кыргызстанда саламаттыкты сактоону жакшыртууга багытталган биргелешкен санариптик саламаттык сактоо программасын ишке киргизди.

Саламаттыкты сактоонун ырааттуу санариптик экосистемасын түзүүгө багытталган бул программа өлкөнүн тургундары үчүн маанилүү медициналык маалыматка жана кызматтарга жетүүнү жеңилдетет.

Программа БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары Фонду аркылуу Европа Биримдиги, Испания жана Швеция катышуусу менен каржыланып, Туруктуу координатордун жетекчилиги астында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ), БУУнун өнүктүрүү программасы (БУУӨП), ЮНФПА жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылат.

Ал Кыргызстандын санариптик саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө, өзгөчө аялдар, балдар жана айылдык жана алыскы райондордогу калктын аялуу топтору үчүн ар бир адамга сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүүнү камсыз кылууга багытталган.

Программа 2024-жылдан 2027-жылга чейин  иш алып барат. 4 миллион долларды түзгөн биргелешкен программа санариптик саламаттыкты сактоо тутумдарын модернизациялоого, мамлекеттик электрондук кызматтарды өркүндөтүүгө жана аз камсыз болгон жамааттарга жетүү үчүн телемедицинаны кеңейтүүгө багытталган.

 

Программанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – жарандардын ден соолугу тууралуу маалыматка жетүүсүн камсыз кылган ден соолуктун санариптик профилин жакшыртуу. Бул үч миллион эмдөө жазууларын Улуттук электрондук ден соолук карталарынын платформасына кошууну камтып, бир жашка чейинки 225 000ге жакын балага керектүү эмдөөлөрдү алууга жардам берет. Мындан тышкары, кеминде 200 000 адам лабораториялык анализдердин жыйынтыктарын онлайн режиминде көрө алышып, бул убакытты үнөмдөп, медициналык жардамдын сапатын жакшыртат.

Программа ошондой эле аялуу топторду колдоого багытталган. 120 000ге жакын майыптыгы бар адамдар санариптик майыптык күбөлүктөрүн алышат, ал эми 280 000 адам санариптик оору баракчаларына  ээ болуп, керектүү кызматтарды ала алышат.

Телемедицина кеңейтилип, 0-14 жашка чейинки 700 000 балага санарип платформасы аркылуу медициналык консультацияларга мүмкүнчүлүк берилет. Мындан тышкары, 60 медициналык мекеме болжол менен 140 000 энеге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга атайын жардам көрсөтүлүп, алардын бардыгы EHR платформасына туташтырылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here