Баткенде кырсыктардын тобокелдигин азайтуучу машыгуу өттү

0
36

Бүгүн, 1-октябрда “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган машыгуу өттү. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.

Иш чарага Жарандык коргонуу кызматтары, жогорку, орто окуу жайларынын студенттери, окуучулар жана Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары  Маруфхан Тулаев катышты.

Анда катышуучулар арасында өзгөчө кырдаалдар катталган учурда куткаруу, биринчи жардам көрсөтүү аракеттери көрсөтүлдү.

Машыгуу, өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм-туруму, коопсуздугу жана маданияты, табигый жана техногендик кырсыктардын коркунучун  азайтуу, өзгөчө кырдаалдардын  алдын алуу жана кесепеттерин жоюу  максатында уюштурулган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here