Бүгүн, 1-октябрда Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушту.
Жолугушууда делегация башчылары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулап, эки тараптын жумушчу топторуна чек ара сызыгын тактоо иштерин улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.
Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.