Чек арада жабыркаган элге облустун атайын эсебинен жардам берилүүдө

0
998

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун чек ара аймактарындагы калыбына келтирүү иштери боюнча маалымат берди.

Анда облус башчысы кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн акыркы куралдуу жаңжалда 422 үй жабыркаганын, калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен 100 үй бүтүп пайдаланууга берилгенин айтты.

Облус башчысынын маалыматында, калган үйлөр март айында бүтүп пайдаланууга берилет. Толук жабыркаган үй ээлерине жана капиталдык ремонтко муктаж үй ээлерине “Баткенге жарам”облустук атайын эсебине түшкөн каражаттан 300миң сомдон берилүүдө. Бул каражат эки этапта берилүүдө, алгач 200 миң сомдон компенсация берилди, экинчи этапта үй бүткөндо 100 миң сомдон тапшырылат.

Мындан сырткары чек арада жашаган 366 адамдын 31 млн 480миң сомдук насыясы толугу менен жоюлду. 12 каза болгон жарандын үй бүлөсүнө республикалык бюджеттен 1млн сомдон төлөнүп берилди.

Республикалык бюджеттин эсебинен жеке ишкерлерге 300миң сомдон берилип, жалпы облус боюнча ишкерлерге 23млн 700миң сом компенсация төлөндү. Калган ишкерлердин документин тактоо иштери жүрүүдө. Ал эми мал жандыктары, автоунаалары уурдалып, тонолгон жарандардын чыгымдары жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан эсептелип бүттү, маселе тиешелүү министрликтерге жөнөтүлдү. Маселе алдыда мамлекеттик комиссияда каралат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here