Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын 40 жаштагы тургуну райондук соттун балага алиментти төлөө өкүмүн аткарбаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Кармалган тургун, кылмыш жаза кодексинин “Соттун өкүмүн аткарбоо” беренесинин негизинде айыпталып жатат. Учурда кылмышка шектүү жаран тергөө кызматына камсыздалып, тергөө иштери уланууда.