Баткендеги курулуш иштеринде коррупция барбы?” Президент жооп берди

0
1031

Акыркы күндөрү “Баткендеги курулуш иштеринде коррупция барбы?” деген суроо актуалдуу болууда. Баткендин чек арасындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндөгү актуалдуу суроолорго Президент Садыр Жапаров жооп берди.

Өлкө башчысы өз сөзүндө, “Мамлекеттик курулуш жана турак жай агенттигинин сметасы боюнча ар бир үйдү 5 млн 500 миң сомдун тегерегинде курушубуз керек экен. Анан мен Иш башкармалыктын жана жеке курулуш адистерин топтодум дагы: “ Бир үйгө канча акча кетет экен, силер эсептеп чыккылачы”, деп тапшырма бердим. Эки күндө мага сметасын алып келишти. Бир үйгө 3 млн 300 миң сомдон акча кетет экен. “Эч ортомчусу жок ушул суммага кургула”, деп дароо тапшырма бердим.

Баткенге баш-аягы 500дөн ашык үй салабыз. Ар бир үйдөн 2 млн 200 миң сомдон айырма болгондо эле бир миллиарддан ашык сом мамлекеттин акчасын үнөмдөп калдык. Эгер мамлекеттик курулушка ишенип, “Ии болуптур, сала бергиле” деп койгонумда, бул акчаны саналуу кишилер жана ортомчу компаниялар жеп кетмек. А мен бул акчаны алардын оозунан жулуп алдым да. Алар: “Ушунун баарын Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев кылып жатат” деп ойлоп атышат. Ошол үчүн ага акчадан куру калгандар маалыматтык чабуул башташты.

Алардын ортодон акча “жасап алуусуна” менин тапшырмам менен бөгөт коюлду. Каныбек – мыкты аткаруучу, мыкты көзөмөлдөөчү. “Бир тыйын болсо да мамлекеттин акчасы үнөм болсун” деп турган кызматкерлердин бири.

Ал эми “Аманат курулуш инвест” компаниясы – Баткенде салынып жаткан үйлөрдү жөн гана көзөмөлгө алып, бир тыйын пайда кошпой, кагаз иштерин бүтүрүп жаткан компания. Алардын болгон күнөөсү ушул, негиздөөчүлөрүнүн арасында 20 жаштагы бала бар экен. Бизге, мага десе негиздөөчүлөрү 18 жаштагы балдар болсун. Мамлекеттин акчасын үнөмдөп берсе болду. Ошондуктан бизге ЖМКларда массалык түрдө чабуул болуп жатканда “мамлекеттин миллиарддаган акчасын жедирбей, дагы кимдин оозунан жулуп алышты экен” деп экинчи жагын да ойлогонду унутпагыла. Биз азыр мамлекеттик каражаттарды уурдатпаганыбыз үчүн бүгүнкүдөй аскерий жана башка техникалар сатылып алынып жатат. Мектеп, бала бакча, асфальт жолдор, темир жолдор салынууда. Ипотека аркылуу үйлөр курулууда. ГЭСтер, завод-фабрикалар курула баштады-деп белгиледи президент.
Белгилей кетсек, буга чейин Спутник Кыргызстан агенттиги чек арадагы курулуш иштери боюнча журналисттик иликтөө жүргүзгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here