Чек арада талкаланган мектеп пайдаланууга берилди

0
1005

Лейлектин Максат айылында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан талкаланган “Максат” орто мектеби оңдоп түзөөдөн өтүп, бүгүн пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облусттук билим берүү усулдук борборунан билдирди.

Былтыр сентябрь айындагы жаңжалда “Максат” орто мектеби өрттөлүп,жараксыз абалга келген болчу.

Мектепти капиталдык оңдоп-түзөөгө 3 млн 274 миң 694 сом каралган.

“Максат” орто мектебинде жалпы 230 окуучу бар. Буга чейин 163 окуучу онлайн режиминде билим алып келген болсо, 67 окуучу убактылуу башка мектептерге кабыл алынган болчу

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here