Имамдар арасында китеп окуу сынагы өттү

0
867

Раззаков шаарында уюштурулган сынак Лейлек райондук казыяты, “Адеп башаты” уюму менен биргеликте «Мээрим Пайгамбары Мухаммад » аттуу китептин негизинде өттү. Бул тууралуу Баткен облустук казыятынан билдиришти.

Сынактын жайынтыгында баш байгени Лейлектеги “Тогуз Булак” мечитинин имамы Садирдин Эгембердиев ээлеп, Ардак грамота жана муздаткычка ээ болду.

Ал эми экинчи орунду «Фатих» мечитинин имамы Закирбек Исмаилов ээлеп, Ардак грамота жана электр меши менен сыйланса, үчүнчү орунду “Шахмыр” мечитинин имамы Таалайбек Джумабаев ээлеп, Ардак грамота жана телевизор менен сыйланды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here