Мурзапар Үсөн аль Мервани ааламдан өттү

0
5068

Залкар жазуучу, акын, драматург, журналист, публицист, тарыхчы,скульптор,көп кырдуу талант 1948- жылы Баткен районуна караштуу Кара-Булак кыштагында жарык дүйнөгө келген.

1970-жылы Кара-Булак орто мектебинде мугалимдик кесипте эмгектенип баштаган.1981-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктап жогорку билимге ээ болгон. Мектепте тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директорлук кесипти аркалаган.

1981-жылы Кара-Булак орто мектебинин окутуучулары жана окуучулары менен биргеликте Айгүл гүлүн коргоого алууну уюштурган.

1989-жылы Кыргызстанда биринчи жолу Нооруз майрамын белгилеп, ошол эле жылы биринчи жолу Айгүл гүлү майрамын уюштурган.

Эң алгач 1993-жылы “Мектеп” басылмасынан “Улуу талаанын урпактары” деген тарыхый публистикалык эссеси жарык көргөн.

1997-жылдан тартып Кара-Булак айылындагы “Муз-Булак” кичи эко паркын, чыгармачыл инсандардын өнөрүн артыруу максатында жана Баткенге келген коноктор үчүн эс алуу жайын түптөгөн.

2000- 2012-жылга дейре Баткен облустук жазуучулар бирлигинин бөлүмүн жетектеп келген.

​Баткен мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, Манас 1000 төш белгиси, Баткен районунун акиминин ардак грамотасы, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн грамотасы менен сыйланган.

Мурзапар Үсөн 3 уул 1 кыздын, 14 небере, 2 чеберенин кадырлуу атасы эле.

 

«Салам» Медиасынын эмгек жамааты жазуучунун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.

Мырзалар Үсөндүн чыгармалары:
Романдар:
1. «Ааламдар алкагында» (роман)
2. «Сакылар жери» ( тарыхый роман)
3. «Менин философиям» (роман-эссе)
4. «Тайгак кечүү» (роман)
5. «Курманбек» (тарыхый роман)
6. «Ыйык Валентин» (тарыхый роман)
7. «Газават» ( тарыхый роман)
8. «Бөрүлөр» (роман)
9. «Дөө китеп» (роман)
10. «Райкомдун аялы» (роман)
11. «Данакер» (роман)
Повестер:
1. «Кан Манастын бейитин издеп» (даректүү повесть)
2. «Өрүктүү өрөөндө» (даректүү повесть)
3. “Сейит” (повесть)
4. “Алыскы жылдар” (даректүү повесть)
5. “Жаза” (повесть)
6. “Сүрөтчүнүн тагдыры” (повесть)
7. “Бийик жерде” (повесть)
Драмалар:
1. «Кызыл Топу» (драма)
2. «Бөрү уюк» (драма)
3. «Акылкарачач» (трагедия)
4. «Жетимдер жетилгенде» (трагико-комедиа)
5. «Жетөөнүн бири» (драма)
Аңгемелер:
1. “Перзент парзы” (аңгеме)
2. “Булбултаңшык” (аңгеме)
3. “Нан кадыры” (аңгеме)
4. “Жалданма ый” (аңгеме)
5. “Алгандын бермеги бар” (аңгеме)
​Публицисттикалар:
1. “Кездешүү”(Жыйнак)
Поэзия:
1. “Ыйманым саламат бол” (жыйнак)
2. “Жандүйнө ыйы” (поэмалар, балладалар)

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here