Мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 16-январга чейин узартылды

0
1180

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык министрлик ортодогу үч күнгө онлайн окуу киргизүү натыйжа бербей турганын белгиледи. Бул күндөр балдарга кийин окутулаары белгиленди.

Белгилей кетсек бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Билим берүү министрлигине күтүлүп жаткан катуу суукка байланыштуу балдарды онлайн окууга өткөрүү сунушун берген.
30-декабрда башталган кышкы каникул 10-январда аяктап, 11-январда окуу уланмак.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here