Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдөгү күтүлүп жаткан суук аба-ырайына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигине 11-январда кышкы каникул аяктаган соң, окуучуларды онлайн окууга өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, сасык тумоонун күч алышынан улам балдар 2022-жылдын 14-28-декабрына чейин да аралыктан окууга өтүшкөн болчу.
Ал эми 30-декабрдан 11-январга чейин кышкы каникулга тарашкан.