Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандыктарды Тажикстанга убактылуу кирбей турууга же аталган өлкө аркылуу башка мамлекетке чыгуудан баш туртууга чакырды. Бул жагдай кыргыз жарандарынын Тажикстандын аймагына киришин чектеген чараларга байланыштуу. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирүү таратты.
ТИМ Тажикстанга кирүү жана чыгуу маселеси боюнча маалымат же кеңеш алуу үчүн Консулдук департаментине жана Кыргызстандын Душанбе шаарындагы элчилигине кайрылууну сунуштайт.
Эске салсак быйыл октябрда Кыргызстандын ТИМи кыргыз жарандарын Тажикстандын аймагына киргизбей койгон учурларга байланыштуу бул өлкөгө барбай турууга чакырган. Анда Кыргызстандын жарандарына карата Тажикстанга кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте маалымат бериле электиги белгиленген.