Бул тууралуу райондук администрациянын маалымат кызматы кабарлады
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация
Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажик Республикасынынын Исфара районунун Варух айылы менен чектешкен аймактарында Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Б.Баходурзода жетектеген делегация менен жолугушту.
Иш-чарада эки тараптуу укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө, атайын кайгуулдарды уюштуруу, эл көп топтолгон жерликтерде ыкчам тиешелүү чараларды көрүү, өрт жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча пиротехникалык каражаттарды эки тараптын элдеринин арасында колдонбоо маселеси макулдашылды.