Кадамжайда жол эрежесин бузган 35 жаранга айып пул салынды

0
207

Кадамжай райондук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагында кечки рейд өткөрдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө 150дөн ашуун автоунаа текшерилип, 35 жаранга укук бузуулар беренеси менен протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды. Алардын ичинен үчөөсү мас абалда болгондуктан, унаалары айып төлөө жайына токтотулду.

Иш чарада айдоочуларга жол эрежелерин сактоону, жол четиндеги белгилерге баш ийүүнү эскертип, коопсуздукту сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here