Кечээ, 21-август күнү Лейлектин 51 жаштагы тургунун 55 жаштагы тургун өзүнүн сайсыз ок атуучу куралы менен көкүрөгүнө атып, окуя болгон жерден качып кетет. Ал ошол эле күнү Кара-Таш жайытында өзүн өзү атып каза болду.
Облустук милициянын маалыматы боюнча, 51 жаштагы тургун жубайы менен тойдон кайтып келе жатканда, мурдатан тааныш болгон 55 жаштагы тургун аларды токтотуп, 51 жаштагы тургундун көкүрөгүнө эки жолу ок атат. Натыйжада жабырлануучу каза болот. Ал эми 55 жаштагы тургун окуя болгон жерден качып кетет.
Бул факты боюнча кылмыш жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.