Баткенде аткезчилик жүк ташыган унаа мамлекеттин эсебине өттү

0
2577

Баткенде аткезчилик товарды ташуу үчүн колдонулган Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин эсебтине өткөнүн Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 2022-жылдын 14-декабрында Баткен райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Буга чейин Кадамжай районунун Галча айылында кыргыз жаранынын башкаруусундагы Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа текшерилип, унаадан бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок балдар кийимдери табылган. Кармалган товардын салмагы 170 кг болгон. Кармалган товардын орточо базар баасы 114 миң 250 сомду түзгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here