Баткен облусунун жетекчилери Бишкекке эвакуацияланган баткендиктер менен жолугушту

0
1699

Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев тажик тараптын кол салуусунан Бишкек шаарына жана Чүй облусуна эвакуацияланган жарандар менен жолугушту. Облустук бийликтин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашканга караганда, жетекчилер жарандар менен чек арада курулуп жаткан үйлөр жана алар үчүн түзүлүп жаткан шарттар туурасында кеңири баарлашып, аларды сабырдуулукка чакырып, ден соолуктарын сурап, азыр жашап жаткан шарттары менен таанышты.

Жолугушууда жарандар өрттөлгөн жана талкаланган үйлөрүн тезирээк бүтүрүү, ошондой эле азыркы социалдык көйгөлөрү, жөлөк пул жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселелерин айтышты. Район акими Учкунбек Жоробаев учурда чек ара аймактарында турак үйлөрдүн курулушу кызуу жүрүп жатканын, жаңы жылга чейин бүткөрүлгөн бир топ үйлөр пайдаланууга берилерин билдирди.

16-сентябрда тажик тарап Баткен облусуна кол салган калабада Баткен жана Лейлек райондорунан 140 миңдей адам үй-жайын таштай качууга аргасыз болгон. Учурда алардын 4 миңге жакыны дале үйлөрүө кайтып келе элек. Алар негизинен үй-жайы өрттөлгөн жарандар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here