Баткенде мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды

0
2818

Баткенде Тажикстанга мыйзамсыз өтүп жүргөн жаран кармалды. Кармалган жаран Баткен облусунун 53 жаштагы тургуну кайтарууда турган кыргыз-тажик чек арасын бир нече жолу кирип чыгып турган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы 2021-жылдан бери эки тараптуу жабык.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here