Баткенде өткөн тогуз айда кургак учуктан 4 киши каза болду

0
2091

Быйыл облус боюнча өткөн тогуз ай ичингде кургак учук илдетине кабылган 188 учур катталып, төрт киши ушул оорунун айынан өмүр менен коштошту. Бул тууралуу “Салам Медиага” облусттук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Жеңишбек Шарипов билдирди. Анын айтымында, облус аймагында бул илдетке байланышкан кырдаал өткөн жылкыга салыштырмалуу туруктуу жана андан каза тапкандар өз убагында дарыланбагандар.

Баткен облусунда 2020-жылы 257 адам кургак учук оорусуна чалдыкса, былтыр 259 учур катталып, аталган илдеттен 10 адам көз жумган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here