Аялдар Демократиялык тармагы коомдук фондунун, Үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу комитетинин Баткен шаарындагы мүчөлөрүнүн кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумга Баткен шаарынын вице-мэри Мансурбек Маматисаев,шаардык кеңештин депутаттары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен дарыгерлер,активдүү жарандар катышты.
Адистер зордук зомбулуктун алдын алуу үчүн Баткен шаарында 2023-жылга иш чаралар планын талкуулашты. Аны менен катар көйгөйдү жеңилдетүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратуу менен,белгиленген иш чаралардын натыйжалуулугун арттыруу каралды.
Аталган комитеттин иш чаралары “Борбор-Азиядагы үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун курмандыгы же анын коркунучунда болгон аялдарды коргоо жана колдоо үчүн жарандык коомдун потенциалын күчөтүү долбоорунун алкагында”, ACTED уюму тарабынан колдоого алынган.