Улуттук Банк Баткен элине насыя берүү боюнча токтом кабыл алды

0
784

Баткен областында жашаган жана чарба ишин жүргүзгөн жарандарга, ишкердик субъектилерине каржылоонун жеткиликтүү болушун кеңейтүүгө, 2022-жылдын сентябрь айында чек арадагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган аймакты калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында, Улуттук банк Баткен областынын жарандарына насыя алууда жеңилдиктерди кароо боюнча токтомун кабыл алды.

Аталган токтомго ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана «Кепилдик фонд» Ачык Акционердик Коомуна Баткен областында жашаган же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын насыя алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароону, ошондой эле кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, берилген кредиттердин көлөмү көбөйтүлүп, керектөө кредиттерин берүүдө, ай сайын пландалган төлөмдөрдүн орточо айлык жалпы кирешеге болгон катышы кайра каралып чыкты-деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here