Баткенде милиция кызматкерлерине 30 миң сомдон үстөк акы берилет

0
768

Ички иштер министрлиги Баткен облусундагы Баткен, Лейлек райондорунун жана Баткен, Сүлүктү шаарларынын аймагында кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери менен Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын айлык акысына мындан ары ай сайын 30 000 сомдон үстөк акы кошулуп берилерин маалымдады. Бул иш өзгөчө абалда кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлерин материалдык жактан шыктандыруу максатында жасалууда. Мындай кошумча каражат мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнүп турмакчы.

Ошондой эле жалпы республика боюнча ай сайын милиция кызматкеринин маянасына 20 000 сом үстөк акы кошулуп төлөнө баштады. Учурда ички иштер министрлигинин көпчүлүк бөлүктөрүндө октябрь айы үчүн айлык акыдан сырткары үстөк акы толугу менен төлөнүп берилди.

2022-жылдын 19-сентябрында мамлекет башчы Садыр Жапаров «Кыргызстандын аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарында иштегендерге акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө» жарлыгына кол койгон. Ага ылайык, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн кызмат өтөө үчүн үстөк акчалары жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here