16-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов баштаган аалымдар Баткен облусуна иш сапары менен келди.
Иш сапардын алкагында Азирети Муфтий баштаган жумушчу топ Баткен шаарындагы «Муьаз ибн Жабал» медресесинин балдар бөлүмүнүн курулушуна кирпич коюу аземине катышты. Медресе 3 кабаттуу бардык шарттары менен курулат. Бул тууралуу муфтияттын сайтына жарыяланды.
Аалымдар чек ара окуяларында жабыр тарткан Ак-Сай жана Достук айылдарынан жеринен кабар алып, жашоочулар менен жолугушуп, аларга материалдык колдоо көрсөттү. Ошондой эле, эки айылда бирден бодо мал курмандыкка чалынып, түлөө өткөрүлүп, чек ара окуясында каза болгондорго Куран окулду.
Иш сапардын алкагында Азирети Муфтий жана дин аалымдары Баткен районунун Бужум айылындагы аскер бөлүгүнүн жоокерлери менен жолугуп, Мекенди коргоодогу эмгектери үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Дин аалымдары жана жоокердин катышуусундагы өткөн «Мекенди сүйүү ыймандан» аттуу маектешүүдөн соң, жоокерлерге Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан сый тамак уюштурулду.