Оштон жоголгон өспүрүмдөр Баткенден табылды

0
671

Баткен шаарында 2022-жылдын 16- ноябрынан 18 ноябрына чейин камкордук иш-чарасы жүрүп жатат. Иш чаранын жүрүшүндө Баткен шаардык милициясы компьютердик интернет клубтарды текшерүүдө.

Түндө коштоосуз жүргөн 4 мектеп окуучулары кармалып ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Окуучулардын ата энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, өспүрүмдөр ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Милиция кызматкерлери орто мектеп окуучуларын өз алдынча тоолорго экскурцияларды уюштурууга, кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынгандыгын эскертип, жол коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун, эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Иш чаранын алкагында Ош шаарынан келген 9- класстын 4 мектеп окуучулары кармалып, ата- энелери чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, өткөрүлүп берилди. Ата-энелердин айтымында алар 3 күндөн бери дайынсыз болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here